Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК УКУК – эларалык укук тармагы, мамлекеттердин жана эларалык укуктун башка субъектеринин ортосундагы экономикалык мамилелерди жөнгө салуучу принциптердин жана ченемдердин жыйындысы. Экономикалык мамилелерге соода-сатык, ошондой эле өндүрүштүк, илимий-техникалык, валюталык-каржы, транспорт, байланыш, энергетика, интеллектуалдык менчик, туризм ж. б. чөйрөлөрдөгү коммерциялык мамилелер кирет. Ошого байланыштуу Э. э. у. эларалык соода укугу, эларалык валюталык-каржы укугу (салттуу) ж. б., илимий-техникалык кызматташтык укугу (калыптана баштаган) деген сыяктуу тармакчаларга ээ.